• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас шаарында аялдар кеңешинин форуму өттү

Аймак 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Талас шаардык аялдар кеңешинин форуму өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө келген коноктор үчүн көл өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү менен катар заманбап улуттук кийимдерден коллекциясы көрсөтүлдү. Ошондой эле уюштуруучулар тарабынан даярдалган “Адам бололу” сценкасы коюлуп, чакан концерттик программа тартууланды.

Ошондой эле Талас шаардык аялдар кеңешинин аткарган иштери боюнча кеңири маалымат берилип, аялдардын финансылык сабаттуулугу, аялдарды мотивациялоо, аялдардын өздүк жашоосундагы ролу боюнча баяндамалар жасалды.

Белгилей кетсек, шаардык мэриянын демилгеси менен уюштурулган иш-чарага Талас облусунун башчысынын орун басары М.Сейдикеримова, калаа башчысынын орун басары С.Токтосунова жана Талас облустук, шаардык, райондук аялдар кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле облус аймагындагы активист, ишкер айымдар катышты.

Пикир

Оставить комментарий