• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгына караштуу №85 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн жаңы салынган имаратынын салтанатуу ачылышы өттү.

Иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вондже, KOICAнын өлкө боюнча директору Ли Джонгсу, БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү А. Соловьева, шаардын вице-мэри Нурбек Кадыров жана өрт өчүрүүчү куткаруучулары катышты.

Заманбап имарат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Кореянын эл аралык кызматташуу агенттигинин (KOICA) ортосундагы кызматташуусунун алкагында курулду.

Азамат Мамбетовдун айтымында, үч тараптуу кызматташуунун алкагында өрт-куткаруу кызматынын потенциалын жогорулатуу, жаңы имараттарды куруу, заманбап жабдыктар менен камсыздоо каралган. Ал долбоордун баштапкы этаптарын ийгиликтүү ишке ашыруу менен жаңы имараттар ачылып, күжүрмөндүк менен иштөөгө шарттар түзүлгөнүн белгилеп, өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.

Мында 1964-жылы курулган эски имараттын ордуна эки кабаттуу өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн жаңы өрт өчүрүүчү унааларын сактоого ыңгайлуу болуп, зарыл талаптар эске алынган. Куткаруучулардын ыкчам иштөөсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлүп, эс алуучу бөлмөсүнөн тарта ашкансына чейин заманбап жабдылып атүгүл, ден-соолуктарын чыңдоого ылайыкталган спорт залы да бар. Ачылган имарат жаңы авариялык-куткаруу унаасы, атайын шаймандар менен жабдылган.

Пикир

Оставить комментарий