• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө изделип жаткан жаран аман-эсен табылды

Аймак 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө изделип жаткан жаран аман-эсен табылды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 22 жаштагы Т.Э. аттуу жаран Бишкек шаарынан Булан-Сөгөттү айылана бара жаткан жеринен РИИБдин кызматкерлери тарабынан табылган.

Белгилей кетсек, 24-январда Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан пансионаттардын биринин жээгинде аталган жаранга таандык паспорт, кийим, баштыкча табылган. Издөө иштерине 21 куткаруучу, 19 милиция кызматкери жана суучулдар тартылган.

Пикир

Оставить комментарий