• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунда 20 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Баткен облустук прокуратурасы тарабынан баасы 19 млн 200 миң сом болгон 10 гектар жер тилкеси Кара-Бак айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө аталган айыл өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-октябрындагы КРнын жер мыйзамынын талаптарын бузуу менен кабыл алынган токтомунун негизинде А.Н. аттуу жаранга 10 га жер тилкеси мыйзамсыз ажыратылып берилгендиги аныкталды.

Мыйзамсыз жеке менчикке берилген жер тилкени кайтаруу максатында прокурордук акты келтирилип, жогорудагы токтом жокко чыгарылган жана 10 га жер тилке муниципалдык менчикке кабыл алынды.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен топтолгон материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий