• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык унаа базардын шарт-жагдайларынан кабар алынды

Аймак 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары тиешелүү жетекчилер менен биргеликте Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык унаа базарда болушту.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, анда унаа базардагы шарт-жагдайлар, жаан-чачын жааган учурда жаралган ыңгайсыздыктар, тарифтер боюнча маселелер көтөрүлдү. Унаа базардын шартын жакшыртуу, кардарларга ыңгайлуу шарттарды жаратуу боюнча тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырмалар берилди.

Эске салсак, Спутник кичирайонунда жайгашкан муниципалдык унаа базары 2021-жылдын 25-мартында ачылган. Ар жуманын шаршемби жана бейшемби күндөрү иштейт.

Аянты 3,2 гектарды түзүп, 1600дөй автоунаага ылайыкташкан.

Пикир

Оставить комментарий