• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Ош-Тазалык" ишканасы 12 жаңы техникалуу болду

Аймак 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. 25-январда "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасына 12 таштанды ташып чыгаруучу атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы аймактык директору Айтен Рустамова катышты.

"Жаңы техникалар ЕБӨР, ЕИБ жана ЕБнин колдоосунда алынып, Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкарууга жардам берилүүдө. Аны менен катар "Ош-Тазалык" ишканасынын имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кызматкерлердин кабинетинен тартып кампа, унаа жуучу жайынан бери жаңыланды. Ага кошумча кызматкерлер жана жумушчулар үчүн ашкана ишке берилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Мэр Алмаз Мамбетов бул иштер Ош шаарынын тургундары үчүн таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча натыйжалуу кызмат көрсөтүүгө өбөлгө түзөөрүн белгиледи. Алдыда долбоордун алкагында полигон куруу маселеси талкууланды.

Эскерте кетсек, долбоор ЕРӨБ жана ЕИБ тарабынан каралган 2 млн жана 3 млн евро суммасындагы параллелдүү кредиттердин эсебинен каржыланууда. ЕБ да долбоорду ишке ашыруу үчүн 5 млн евро грант бөлүп берген.

Пикир

Оставить комментарий