• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксыда Дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган Бекболот Мырзаназар уулуна унаа жана 500 миң сом ыйгарылды

Аймак 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда Аксы районунун сыймыгы, Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси Бекболот Мырзаназар уулу күтүп алуу аземи болду. Бул тууралуу Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аземге Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким З.Сыдыков, райондун мекеме-ишканаларынын жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн аппараты, аксакалдар, аялдар, жаштар кеңештери жана колледждин студенттери катышты.

Бекболот Мырзаназар уулуна Аксы районунун акими тарабынан Аксы районунун Ардактуу атуулу наамы, 25 миң сом жана машыктыруучусу Жангазы Бекболотовго 5 миң сом акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле Жерге-Тал айыл өкмөтү тарабынан Бекболот Мырзаназар уулуна 50 миң сом акчалай сыйлык, демөөрчүлөрдөн Honda Inspire үлгүсүндөгү автоунаа жана 500 миң сом акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

"Мындан арыда Дүйнө чемпионаттарында Кыргызстандын намысын жана желегин бийик көтөрүп, райондун сыймыгы болуп жүрө беришине тилектешбиз", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кыргызстандык спортчу Бекболот Мырзаназар уулу 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча күмүш медалга ээ болгон. Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өткөн.

Пикир

Оставить комментарий