• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алай районунда кышкы даярдык боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Алай районунда кышкы даярдык боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, - деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 7-декабрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгындагы Алай райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүмү тарабынан атайын баннер даярдалып, Гүлчө айылында жайгаштырылды.

Мындан сырткары, куткаруучулар жол коопсуздугун камсыздоо бөлүгү менен биргеликте Ош - Сары-Таш - Эркештам унаа жолунда унааларды токтотуп, түшүндүрүү иштери болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий