• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад: Аярлуу балдарга камкордук көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.12.17 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында аярлуу балдарга мугалимдер менен журналисттер да камкордук көрүшүп, аларга колдон келген көмөгүн көрсөтүштү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, шаардык билим берүү бөлүмү менен шаар мэриясынын алдындагы Маалымат борбору мекемеси аярлуу балдар тайпасы бар №17 “Каакым” балдар бакчасына жалпы жонунан 10 миң 500 сом колдоо көргөзүштү.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев шаарда 20дан ашуун балдар бакчалары бар болсо, аярлуу балдарды бапестеп тарбиялоо түйшүктүү жана жооптуу экенин белгиледи. Ошондуктан да аярлуу балдар тайпасы бар балдар бакчаларынын тарбиячыларына көбүрөөк жоопкерчилик менен ишеним жүктөлгөн. Бүгүнкү күндө аярлуу балдарга өзгөчө көңүл бурулуп, аларды коомдук турмушка активдүү катышууга даярдоо керек. Ошол максатта аярлуу балдар тайпалары башка балдар бакчаларында да ачылса жакшы болмок.

Бул балдар бакчасы 1991-жылы ачылса, аярлуу балдар тайпасы Эл аралык уюмдар менен жергиликтүү бийликтердин кошо аракетинин натыйжасында 2006-жылы ачылган болчу. Азыркы тапта бул тайпада 10 бала тарбияланууда. Бул балдардын ата-энелери ар кайсы төлөмдөрдөн бошотулган. Күнүнө 3 маал ысык тамак берилип, жатаканасы, ашканасы, жуунучу жайлары, ойноочу залдары менен камсыздалган. Эмеректер, кир жуучу машина, муздаткыч сыяктуу зарыл жабдуулар бар. Бардык бөлмөлөр жылуу, жайлуу жана таза.

Бакчада жалпысынан 12 тайпада 280 бала болсо, бакчанын 40 кызматкери тарбиялашууда.

Бакчанын башчысы Динара Токбаеванын айтымында, бул мекеме шаардык бюджеттен каржыланып, шаар мэриясы менен шаардык билим берүү бөлүмү дайыма колдоо көрсөтүп келет.

Пикир

Оставить комментарий