• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Энергетика министри Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, район акимдери, шаардык кеңештин депуттары, айыл өкмөттөр, токой жана суу чарбасынын өкүлдөрү жана инвесторлор менен жолугушуу өткөрдү.

Министриктен билдиришкендей, жыйында жашыл энергетикага басым жасалып, инвестиция тартуу, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, күн, шамал электр станцияларын куруу, инвесторлорго шарт түзүү, электр энергиясына болгон тартыштыктан чыгуу жана алардын альтернативдүү булактарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, жолугушууда Чакан ГЭС, күн, шамал электр станцияларын куруу үчүн жер маселеси каралды.

Пикир

Оставить комментарий