• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда документтерди жасалмалаганы үчүн издөөдө жүргөн аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Жалал-Абад шаарынан милиция кызматкерлери буга чейин КР Кылмыш-жаза кодексинин "Документтердин жасалмасын жасоо, билип туруп жалган расмий документти пайдалануу" беренеси боюнча издөө жарыяланган Жалал-Абад облусунун тургуну Ш.Л. аттуу жаранды кармашты. Ал коомдук жайларда орнотулган адамды жүзүнөн таануучу функциясы бар сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалган.

Видеобайкоо камералары аны издөөдө жүргөн адам катары тастыктаган. Ал кылмышка шектүү болуп, бирок качып жургөн.

Белгилей кетсек, ага карата Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан билип туруп жалган расмий документти пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалган.

Пикир

Оставить комментарий