• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ноокенде суу насосун оңдоодо 4,7 млн сомдук зыян келтирилген

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Ноокен районунун прокуратурасы тарабынан Арал айылдык кеңешинин депутатынын кайрылуусунун негизинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлайт.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Арал айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары тарабынан, Кең-Сай участкасына суу насосту капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө тийиштүү долбоор даярдалбастан, тендер жарыялап, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар, квалификациялык талапка жооп бербеген “Э-Б.А.” ЖЧК жеңүүчү деп табылган.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, “Э-Б.А.” ЖЧКсы алгачкы келишимде (сметада) көрсөтүлгөн 215 диаметрдик полиэтилен трубалардын жана 1Д 200-9-т насостун ордуна көптөн бери сактоодо турган 219 диаметрдик темир трубаларды жана колдонууда болгон ЦСН 300/180 насосту орнотушуп, анын кесепетинен техникалык корутундуга ылайык 4 млн 719 миң сомдук материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган.

Натыйжада, айыл өкмөттүн кызмат адамдары өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөшүп, кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып талаптагыдай иштебеген объекттини баланска кабыл алышкан.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Арал айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иш Ноокен РИИБне жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий