• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек ЖЭБиндеги штаттык эмес кырдаал. Жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Штаттык эмес кырдаалдын кесепетинен жабыркаган Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) бардык кызматкерлерине материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек ЖЭБдин директору Алпбек Садыров билдирди.

Анын айтымына караганда, жабыркагандар менен байланыш үзүлгөн жок.

"Керектүү материалдык жардам көрсөтүлдү", - деп баса белгиледи ал.

ЖЭБдин башчысы ошондой эле өлкө жетекчилигине жардам сурап кайрылган машинистке 180 миң сом төлөнүп берилгендигин айтты.

Эске сала кетсек, буга чейин денесинен дээрлик 15% күйүп алып, ооруканада бир айдай жаткан Бишкек ЖЭБинин машинисти өлкө жетекчилигине толук сакайып кеткенге чейин жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий