• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖЭБдеги авария. Түркияда дарыланып жаткандардын абалы жакшырууда

Коом 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Бишкек Жылуулук электр тармагындагы аварияда жана аскердик тик учактын кулашынан жабыркаган 4 кыргызстандыктын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугунун Адана мамлекеттик илимий ооруканасынын дарыгерлерине шилтеме берүү менен берген маалыматына караганда, бейтаптар өздөрүн канааттандырарлык сезип калышты. Ошондой эле алардын жалпы абалы орточо деп бааланып, жакшыры баштаганы байкалууда.

Ал эми Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугунун дипломаттары бардык керектүү жардамдарды көрсөтүп, жакындары жана түрк ооруканасынын дарыгерлери менен тыгыз байланышта болушууда.

Белгиленгендей, аталган маселе Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий