• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК Кыргызстан жана Казакстанда жасалма долларларды сатып жүргөн кылмыштуу топту кармады (видео)

Укук тартиби 0


Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. УКМК финансы-банк секторунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын алкагында трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн аныктап, бөгөт койду. Тактап айтканда, кармалгандар Кыргызстан жана Казакстандын аймагында 100 АКШ доллары номиналындагы ири суммадагы жасалма банкнотторду саткан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган топ "Оптима Банк" ААКтын терминалдары аркылуу банктык карталарды толуктоо жолу менен жасалма акчаны "адалдоо" менен алектенип, Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайлар аркылуу да саткандыгы аныкталган. 45 миң АКШ долларынан ашык жасалма 100 долларлык купюралар аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында КР жарандары З.Р.М. , Г.Ш.Д. , З.С.Т., Б.Р.И. жана коңушу мамлекеттин жарандары Б.С.К., К.Б.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Ушундай эле факт боюнча буга чейин 50 миң жасалма АКШ долларын 20 миң долларга сатууну көздөгөн КРнын Р.У.Э. аттуу жараны кармалган. Азыркы учурда ал УКМКнын тергөө абагында..

Учурда бул топко тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий