• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте бир жумада 30 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.07.22./Кабар/. Бишкекте 8нен 14-июлга чейинки аралыкта 4 миң 226 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 30;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 3;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 36;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипед айдаган жарандар катышкан жол эрежесин бузуулар - 535;

- коопсуздук куру жок 741 айдоочу унаа башкарган;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 2 502. Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузган 379 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий