• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Үч жаш жигит каракчылыкка шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.08.19. /Кабар/. Үч жаш жигит каракчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-июнь күнү Октябрь райондук милициясына Б.А. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылып, болжол менен саат 00:40та 9-кичи районунун короолорунун биринде бейтааныш балдар 8 миң сомдук "Редми" телефонун карактап кеткенин билдирген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча каттоого алынган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында бул ишке шектүү катары 2001-жылы туулган И.У., 1999-жылы туулган К.Б. жана 2000-жылы туулган Р.Р. кармалган. Сот аларды №1 тергөө абагына эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Милициядан билдиришкендей, телефон сатылган жер аныкталып, ал ээсине кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий