• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

31 калктуу конушка айыл макамы берилди

Президент 0

Бишкек, 19.08.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам 2019-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты — айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү, анын ичинде:

Баткен облусу:

— Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Аксай айыл аймагынын Миң-Булак айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Сырт калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Сырт айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Кудук калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Кудук айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Өндүрүш калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Өндүрүш айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Сары-Талаа калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Сары-Талаа айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Учкун калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Учкун айылы деп аталсын.

Нарын облусу:

— Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Ак-Чий калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Ак-Чий айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Оро-Башы калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Оро-Башы айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Тармал-Саз калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Тармал-Саз айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Узун-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Узун-Булак айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Сары-Ой айыл аймагынын Сары-Ой калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Сары-Ой айыл аймагынын Сары-Ой айылы деп аталсын.

Ош облусу:

— Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Корул айыл аймагынын Арал калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Корул айыл аймагынын Арал айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл аймагынын Маданият калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл аймагынын Маданият айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл аймагынын Пахта-Абад калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл аймагынын Пахта-Абад айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Ара-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Ара-Булак айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Бөрү-Токой калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Бөрү-Токой айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Желе-Дөбө калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Желе-Дөбө айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Жаш калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Жаш айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Таш-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Таш-Булак айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Беш-Коргон калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Беш-Коргон айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Бостон калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Бостон айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Чоң-Кыштоо калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Чоң-Кыштоо айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Мырза-Найман калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Мырза-Найман айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Он Эки-Мойнок калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Он Эки-Мойнок айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Өрнөк калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Өрнөк айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Кашка-Терек калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Кашка-Терек айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак айылы деп аталсын.

Талас облусу:

— Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл аймагынын Камаш калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл аймагынын Камаш айылы деп аталсын.

— Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Калба айыл аймагынын Беш-Таш калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Калба айыл аймагынын Беш-Таш айылы деп аталсын.

Калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү менен алардын статусун көтөрүү, өзүнчө администрациялык-аймактык бирдик катары жергиликтүү жамааттарга жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча өз алдынчалык берет. Тиешелүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн жергиликтүү жамааттын демилгелерин арттырат жана жоопкечиликтерин күчөтөт, ушул максатта инвестицияларды тартуу, ар кандай проекттер менен кызматташуу, ички резервдерди, жергиликтүү жамааттын мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоо маселелери активдештирилишине түрткү болот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий