• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Садыр Жапаров ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча учурдагы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ал маалымдагандай, коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн миңден ашуун милиция кызматкерлери республиканын шаарларында жана райондорунда күн сайын күзөтүү жүргүзүүдө.

Садыр Жапаров жалпы кыргызстандыктар ички иштер органдарынан кылмыштуулукка каршы күрөштө олуттуу жыйынтыктарды, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча натыйжалуу иштерди күтүп жаткандыгын белгиледи.

"Коомчулук тарабынан ички иштер органдарынын дарегине сын пикирлердин өсүп жаткандыгына карабастан, ИИМ ачык-айкын ишти улантуусу зарыл. Ал биринчи кезекте милиция кызматкерлеринин коомчулук алдындагы жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. Биз жарандардын милиция кызматкерлерине болгон ишенимин кайтарууга жетишүүбүз керек», - деп белгиледи Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров алдыга белгиленген реформаларды натыйжалуу аткаруу зарылдыгын баса белгилеп, министрлик алдына бир катар конкреттүү тапшырмаларды койду.

Пикир

Оставить комментарий