• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Онкология жана гематология УБнын балдар бөлүмүнө дары-дармектерди сатып алуу үчүн 2,4 млн сом бөлдү

Президент 0

Бишкек, 01.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан Онкология жана гематология Улуттук борборунун балдар онкогематологиясы бөлүмүндө дарыланып жаткан балдар үчүн дары-дармектерди сатып алууга 2,4 млн сом бөлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Бул чечим республикалык бюджеттен бөлүнгөн сумма керектөөнү толук көлөмдө канааттандырбагандыктан, ал эми балдарды комплекстүү дарылоо жогорку технологиялык жана кымбат дарылоону талап кылгандыктан кабыл алынды.

Президент Сооронбай Жээнбековдун атынан бөлүнгөн акчаны жана ооруканада дарыланып жаткан балдарга арналган белектерди бүгүн, 1-июнда — Балдарды коргоонун эл аралык күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиев тапшырды

Пикир

Оставить комментарий