• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде 3,5 тонна селитраны мыйзамсыз Тажикстанга алып өтүү аракети көрүлгөн

Укук тартиби 0


Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Баткенде 3,5 тонна селитраны мыйзамсыз Тажикстанга алып өтүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен районундагы Маргун - Жаңы-Бак - Арка айланып өтүүчү унаа жолунда Тажикстандын аймагына жалпы салмагы 3,5 тоннага жакын аммиак селитрасын (карбамид) алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен 36 жаштагы Т.Н.И. аттуу Баткен шаарынын тургунунун башкаруусундагы “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалган.

Унаа контрабандалык жүгү менен №2022 аскердик бөлүгүнүн “Орто-Боз” чек ара заставасынын аймагына коюлду. Аталган факты документтештирилип, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий