• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкектеги мейманканалардын бирине уурулукка кирген эки жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.07.23. /Кабар/. Бишкектеги мейманканалардын бирине уурулукка кирген эки жигит кармалды. Бул тууралуу КР ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-июлда түнкү саат 04:18де калаадагы мейманканалардын биринде дүрбөлөң баскысы басылып, айтылган дарекке Бишкек шаарынын Ленин райондук Күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери барышкан.

Күзөтчү мейманканага караштуу дүкөндүн эшигин темир лом менен бузуп кирүүгө аракеттенгендерди видеобайкоо аркылуу көрүп, дүрбөлөң баскычын баскан. Жерине барган ыкчам топ окуяга шектелүү делгендерди кармаган. Алар 25 жана 17 жаштагы жигиттер болушкан.

Кармалган шектүүлөр Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий