• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эгемендүүлүк күнүнө карата Ошто фотографтардын сынагы өтөт

Аймак 0

Бишкек, 21.07.23. /Кабар/. Ош шаарында фотографтардын сынагы өтөт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, шаарда өлкө Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине карата, 31-август күнү “Түштүк базары” республикалык көргөзмө-сынак жарманкесинин алкагында “Жергемдин жети керемети” аталышындагы фото көргөзмө өтөт.

Фото көргөзмөдө өлкөнүн ар кайсыл облус аймактарынын же шаардын жеке тарыхы, тарыхый эстеликтери, маданий жана социалдык өзгөчөлүгү, кооз табияты, адеп-ахлактык темалары чагылдырылат.

Сынакка жети дубандын жана Ош, Бишкек шаарларынын таланттуу фото-сүрөтчүлөрү (топторго бөлүнүп) катышып, өз аймактарын даңазалашат.

Жеңүүчүлөр атайын байгелер менен сыйланышат.

Пикир

Оставить комментарий