• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жакында Нарынга учак каттамы жанданат

Коом 0


Нарындагы жападан жалгыз аэропорт жакынкы аралыкта ишке берилет. Учурда Нарын аэропортундагы жаңы аэровокзалдын курулушу аяктап, ички жасалгасы калды. Жаңы имараттын курулушуна “Манас” эл аралык аэропортунун эсебинен 90 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми учуп-конуу тилкеси реконструкцияланып, асфальт-бетон төшөө иштери жүрүп жатат. Оңдоо иштери аяктагандан кийин бардык келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн тиешелүү шарттар түзүлүп, Нарын облусуна ички каттамдар жанданат.

Дээрлик 30 жылдан ашык убакыттан бери иштебей турган Нарын аэропортунун учурдагы абалы, жаңы аэровокзалдын курулушу менен “Кабар” маалымат агенттигинин журналисти Жазгүл Мадинова таанышып кайтты.

Пикир

Оставить комментарий