• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку соттору кызматташат

Коом 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 9-февралда Түркстан шаарында Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков казакстандык кесиптеши Асламбек Мергалиев эки өлкөнүн Жогорку сотторунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Жогорку соттон билдиришкендей, меморандум Түркстан облустук сотунун жаңы имаратынын ачылыш аземинин алкагында болду.

Замирбек Базарбеков узак жылдар бою Казакстандын Жогорку соту менен тыгыз жана жигердүү кызматташтык уланып келе жаткандыгын айтты.

"Биздин тыгыз кызматташтыгыбыз жана жолугушууларыбыз укуктук өз ара байланыштарды тереңдетүүгө жана достук мамилелерди өнүктүрүүгө, Казакстан менен Кыргызстандын боордош элдеринин ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп айта алам. Ал эми бүгүн меморандумга кол коюуга болгон ниетибиз бул байланыштардын тереңдигин гана тастыктайт.

Меморандумга кол коюу Түркстан областтык соту ачылган күнү болуп жаткандыгын өзгөчө белгилегим келет. Анткени, документке кол коюу Казакстан менен Кыргызстандын борборунда эмес, Түркстан шаарында ишке ашып жаткандыгы бир гана жогорку сот органдарынын алкагында гана кызматташтык бар дегенден кабар бербейт. Биздин өз ара аракетибиз кеңири. Бул бүтүндөй сот системаларынын кызматташуусу десем жаңылышпайм", - деди Базарбеков.

Атап айтканда, меморандум тажрыйба жана укуктук маалымат алмашуу, судьяларды даярдоо, эки тараптуу укуктук жардамды өркүндөтүү маселелеринде кызматташууга негиз болот. Документте ошондой эле Казакстан жогорку жыйынтыктарга жетишкендиктен, сотторго IT технологияларды киргизүү жаатында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө каралган. Мисалы, автоматташтырылган режимде иштердин, материалдардын жана кайрылуулардын келип түшүүсү жана кыймылы жөнүндө маалыматтарды түзүүчү кырдаалдык борборду колдонуу, электрондук Соттук кабинет (сотторго жетүүнүн бирдиктүү электрондук терезеси), санариптик соттук аналитика, соттук актылардын долбоорлорун даярдоо боюнча роботтоштуруу технологиясы.

Замирбек Базарбеков соттук башкаруу боюнча эл аралык Ассоциация менен кызматташуу алкагындагы Казакстандын тажрыйбасы кызыгууну туудурарын белгилеп, ага КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин мүчө болуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок.

Түркстан облустук сотунун ачылыш аземине кыргыз тараптан төрага менен бирге Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, жана Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, Жогорку соттун аппарат кызматкери Нурсеит Дуйшенов, ошондой эле Казакстандын сот тутумунун өкүлдөрү катышышты.

Замирбек Базарбеков Түркстан облустук сотунун төрагасы Турысбек Мыятбековду жаңы имараты менен куттуктап, жаңы сот имаратынын ачылышы-бул Казакстандын бүтүндөй сот системасы үчүн абдан маанилүү окуя экендигин, бул анын өнүгүүсүндөгү кадам катары сыпаттады.

"Дагы бир адилеттик үйү ачылып, анын кооз архитектурасы бар экендигин көрүп жатабыз. Бүгүнкү окуя дагы маанилүү, анткени судьялар жана кызматкерлер үчүн алардын жоопкерчилигине жана талыкпаган ишине жараша шарттар түзүлүп жатат. Бул чоң жетишкендик деп эсептейм.

Кандай гана болбосун заманбап мамлекетте жарандардын жана юридикалык жактардын тынч жашоосу үчүн маанилүү шарттар болуп укук тартиби, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук болуп саналат. Бул шарттар сот системасы так жөнгө салынган учурда гана мүмкүн. Соттордун материалдык-техникалык базасын чыңдоо азыркы коомдун турмушунда соттордун ролун жогорулатуу болуп саналат.

Бул заманбап имарат казак жериндеги сот адилеттигинин эффективдүүлүгүн жогорулатууга кошумча өбөлгө болот деп ишенем. Бул жерде судьялар иштей тургандыгына карабастан, мунун баары жарандар үчүн да жасалды. Анткени, судьялардын ишинин ыңгайлуу шарттары алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшүп, жарандардын укуктарын коргоого шарт түзөт”, - деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде Асламбек Мургалиев баяндама жасап жатып, электрондук сервистерди өнүктүрүү, судьяларды окутуу жана санариптик трансформация аспектилери боюнча эки өлкөнүн сот системаларынын мындан аркы кызматташуусуна кызыкдар экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий