• 88.68
  • 95
  • 0.95

Финансы министрлиги 6 айга карата бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берди

Экономика 0

Бишкек, 21.07.23. /Кабар/. Финансы министрилгинде коллегиялык жыйын өтүп, анда 2023-жылдын жарым жылдыгы боюнча төмөндөгүдөй көрсөткүчтөр белгиленди.

Республикалык бюджеттин аткарылышы

Алдын ала маалыматтар боюнча, республикалык бюджет 161 млрд 791,5 млн сом суммасындагы кирешелердин жана 158 млрд 302,5 млн сом суммасындагы чыгымдардын негизинде 3 млрд 488,9 млн сом профицит менен аткарылды.

Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү

2023-жылдын 6 айында республикалык бюджеттин киреше бөлүгү план боюнча 147 млрд 860,3 млн сом өлчөмүндө түзулүп, иш жүзүндө 161 млрд 791,5 млн сом киреше түшкөн, же пландык көрсөткүч 13 млрд 931,1 млн сомго ашык, же 109,4%га аткарылды. 2022-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу кирешелер 39 млрд 769,8 млн сомго көбөйгөн.

Салыктык кирешелер

Республикалык бюджетке салыктык кирешелер 118 млрд 315,9 млн сом өлчөмүндө түшүп, белгиленген пландан 2 млрд 054,8 млн сом суммага көп аткарылган. 2022-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу салыктык кирешелердин көлөмү 25 млрд 256,8 млн сомго көбөйгөн. Алар Мамлекеттик салык кызматы жана бажы кызматтары.

Салыктык эмес кирешелер

Салыктык эмес түшүүлөр (атайын эсептерди эске алуу менен) план боюнча 28 млрд 617,7 млн сом каралып, факт 35 млрд 402,2 млн сомду түздү, пландан 6 млрд 784,4 млн сом суммасында же 23,7%га ашык аткарылган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 12 млрд 089,0 млн сомго көптүк кылат, 2022-жылга карата өсүү темпи 151,9% ды түздү.

Расмий трансферттерден түшүулөр 8 млрд 072,5 млн сомду түзүп, анын ичинен мамлекеттик инвестициялык түшүүлөр 7 млрд 601,4 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 млрд 918,2 млн сомго көбөйгөн.

Республикалык бюджеттин чыгымдары

2022-жылдын январь-июнь айлары үчүн республикалык бюджеттин чыгымдары 158 млрд 302,5 млн сомду түзүп, өткөн жылга караганда 37 млрд 104,9 млн сомго көбөйгөн. 6 ай ичинде социалдык маанилүү беренелер боюнча бардык заявкалар толук көлөмдө канааттандырылды.

"Капиталдык салымдар" беренеси боюнча 1 364 социалдык объекттер үчүн 10 млрд сом акча каражаты багытталууда. Өлкөнүн маанилүү социалдык объекттеринин жана стратегиялык маанилүү автожолдордун курулушун аяктоо максатында артыкчылыктуу тартипте 6,5 млрд сом каржыланды. Ал эми 6 ай ичинде мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдорду капиталдаштырууга 17,2 млрд сом жумшалды.

Мамлекеттик карызды тейлөө

2023-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө (тышкы + ички) республикалык бюджеттен иш жүзүндө 20 млрд 196 млн сом бөлүнгөн, анын ичинен:

• мамлекеттик тышкы карызга - 13 млрд 786,1 млн сом;

• мамлекеттик ички карызга - 6 млрд 409,9 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий