• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Пакистандын соода-экономикалык байланышын өркүндөтүү талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Пакистандын Пенджаб провинциясынын Лахор шаарына болгон иш-сапардын алкагында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Лахор Соода-өнөр жай палатасынын (LCCI) президенти Миан Тарик Мисбах мырза жана палатанын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, тараптар соода-экономикалык байланыштарды өркүндөтүү жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түздөн-түз ишкер байланыштарды түзүү боюнча конкреттүү чараларды талкуулашты.

Элчи Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал, ошондой эле Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик потенциалы жөнүндө жана Пакистандын ири шаарларынан Бишкекке түз туруктуу аба каттамдарынын ачылышы жөнүндө маалымдады.

Өз кезегинде, пакистандык тарап соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана туризм жаатындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого даяр экендигин билдирип, ошондой эле жакынкы аралыкта палатанын мүчөлөрүнөн түзүзүлгөн курам менен Кыргыз Республикасына иш сапар менен барууну мүмкүн экендигин жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий