• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жогорку Кеңештин комитети референдумду 11-апрелге дайындоону жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду 11-апрелге дайындоону жактырды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин депутаттары бүгүн, 2-мартта Конституциянын жаңы долбоорун карап, референдумду 11-апрелге дайындоону колдоп беришти.

Белгилей кетсек, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо дагы өтөт.

Эскерте кетсек, Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылып, коомдук талкууга коюлган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун 2020-жылдын 20-ноябрындагы жарлыгына ылайык түзүлгөн Конституциялык кеңешме Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип, 2020-жылдын 17-ноябрында коомдук талкууга чыгарылган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоорун карап, талкуулоодон кийин кайра демилгечилердин кароосуна жөнөткөн.

Пикир

Оставить комментарий