• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку Кеңештин депутаттары Франция Сенатынын делегациясы менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.04.24./Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Франция Сенатынын делегациясы менен жолугушту

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууга Жогорку Кеңештин Франция менен кызматташтык боюнча достук депутаттык тобунун жетекчиси, депутат Арсланбек Малиев баштаган депутаттар Шарапаткан Мажитова, Бактыбек Сыдыков, Аманкан Кенжебаев жана Борбордук Азия-Франция достук тобунун төрагасы Эрве Море жетектеген Франция Сенатынын делегациясы, ошондой эле Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делус да катышты.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде парламенттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө прогрессивдүү деңгээлге ээ болгон парламенттер аралык байланыштардын маанилүү ролун белгиледи.

«Парламенттер аралык кызматташтыктын маанилүү компоненттеринин бири эки парламенттин достук топторунун ортосундагы туруктуу байланыштар деп эсептейм. Ушуга байланыштуу, мен эки өлкөнүн парламентарийлеринин ортосунда жыл сайын визит алмашууну үзгүлтүксүз негизде уюштурууну сунуштайм»,- деди Арсланбек Малиев.

Достук депутаттык тобунун жетекчиси Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да жемиштүү өнүктүрүүгө багытталган диалогго Кыргызстандын даяр экендигине ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Франция Сенатынын сенатору Эрве Морэ Жогорку Кеңештин депутаттарына жылуу тосуп алуу жана мазмундуу баарлашуусу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык кызматташууну бекемдөөдөгү аракеттерин колдоорун билдирди.

«Франция Кыргыз Республикасы менен гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында кызматташууну жандандырып, эки өлкө ортосундагы инвестициялык алака-катыштар жакшырды десек болот. Биз парламенттик кызматташтыкты да өнүктүрүүгө, депутаттык делегацияны Францияда тосуп алууга даярбыз»,- деди Эрве Морэ.

Пикир

Оставить комментарий