• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тармактык комитет Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө, - деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Анда комитет мүчөлөрү Балыкчы-Корумду жолунун курулушу, төшөлгөн асфальттардын сапаты ошондой эле курулушу аягына чыкпаган социалдык объектилер менен таанышууда.

Алгач эл өкүлдөрү Балыкчы шаарындагы негизги көчөлөрүнүн бири болгон Аманбаев көчөсүндөгү аткарылган иштерден кабар алды. Белгилүү болгондой бул көчөнү оңдоо иштери былтыр башталып, бирок иш начар жүрүп жатканы тууралуу жергиликтүү тургандар бир нече жолу маалымдашкан. Жолугушуу учурунда акча толук берилгени, 20 күн аралыгында жолдун биринчи катмары аягына чыгаары курулушчулар тарабынан айтылды. Андан соң эл өкүлдөрү Балыкчы шаарындагы 500 орундуу мектептин курулуш иштери менен таанышты. Кошумчалай кетсек, комитеттин көчмө жыйынынын алкагында депутаттар Балыкчы шаарындагы шайлоочулар менен жолугушаары мерчемделген.

Пикир

Оставить комментарий