• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Нурланбек Шакиев Улуу Британиядагы мекендештер менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Күн мурун, 5-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Улуу Британиядагы расмий иш сапары башталды. Бул тарыхый сапар Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери алгач ирет уюштурулууда, деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы.

Алгач төрага Улуу Британиядагы кыргызстандыктар эмгектенген G’s Fresh айыл чарба фермасына барды. Мекендештер менен өткөрүлгөн жолугушууда Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы кызматташтык акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи.

"Саясий-экономикалык алакалардан тышкары, жарандарды иш менен камсыздоо жаатында алгылыктуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кыргызстандыктарга бөлүнгөн квотанын саны он миңге көбөйтүлдү", – деди.

Төрага андан тышкары, Кыргызстандагы акыркы реформаларга токтолду.

"Мамлекеттин башкы максаты калк турмушун жакшыртуу менен өз өлкөсүндө бактылуу өмүр сүрүүсүнө өбөлгө түзүү. Ага ылайык, бир катар социалдык долбоорлор ишке ашырылып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда”, – деди Шакиев.

Муну менен катар чет жерде эмгектенген жарандарды ата конушу Кыргызстан ар дайым күтөрүн белгилеген Нурланбек Шакиев аларды бүгүнкү Ак калпак күнү менен куттуктады.

“Бул жакта топтогон тажрыйбаңарды өлкөбүзгө кайтканда, экономикабыздын өнүгүшү үчүн жумшайсыңар деген терең ишеничтемин. Айрыкча агрардык өлкө катары айыл чарба тармагында заманбап билим-тажрыйбага ээ адистер өтө зарыл”, – деп кошумчалады ал.

Ал эми мекендештер бир катар маселелерге токтолуп, анын ичинен жумушка орноштуруу менен алектенген компаниялардын ишин жөнгө салууну өтүнүштү. Алардын айтымында айрым учурда келишимдер так аткарылбай, көйгөйлөр жаралган учурлар арбын.

Төрага Нурланбек Шакиев айтылган бардык маселени эске алып, көйгөйлөрдү чечүү багытында тийиштүү мекемелер менен керектүү иштер жүргүзүлөрүн белгиледи.

Андан соң ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, жетекчилери менен баарлашкан төрага кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарт жагдайды жеринде көрдү.

2012-жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп келе жатканын айткан G’s Fresh айыл чарба фермасынын жетекчиси азыркы тапта 400дөй адам иштей турганын, анын 100дөн ашууну кыргызстандыктар экенин маалымдады. Ошондой эле козу карын, пияз, кулпунай өңдүү жер-жемиш азыктары өндүрүлүп, чыгарылган продукция Улуу Британиядагы муктаждыктын 40%ын камсыздай турганын кошумчалады. Тагыраагы, жумасына 165 тонна козу карын өндүргөн ферма Улуу Британияда эле 6 жарым миң гектар жерди иштетип, буга кошумча кошуна өлкөлөрдө да иш жүргүзөт.

Ошондой эле жолугушууда кыргыз жарандарын иш менен камсыздаган Pro Force компаниясынын жетекчиси кыргызстандыктар иш билгилиги жана жумушуна жасаган жоопкерчиликтүү мамилеси менен ар дайым өзгөчөлөнөрүн белгиледи.

“Мен өзүм Кыргызстанда болуп, элиңердин эмгекчилдигин, меймандостугун өз көзүм менен көргөм. Андыктан, Улуу Британиядагы ишканаларда кыргызстандык жумушчуларга артыкчылык берилип, кызматташтыкты мындан ары да улантууга кызыккандар арбын”, – деп кошумчалады төрага.

Пикир

Оставить комментарий