• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутаттар тобу синтетикалык торлорду пайдаланууга тыюу салууну демилгелөөдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште балык уулоо жүрүмүн укуктук жактан жөнгө салууга багытталган «Кыргыз Республикасынын аймагына синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Жыргалбек Турускулов менен Бактыбек Турусбеков.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору суудагы биологиялык ресурстарды, алар жашаган чөйрөнү сактоо, курчап турган чөйрөнүн жагымдуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Балык уулоочу торлор даярдалган синтетикалык материалдар бекем, сууда чирибейт. Ал көлдөр менен көлмөлөрдө өлгөн жаныбарлардын топтолушуна, экологиялык абалдын бузулушуна алып келет. Ошондон улам, мындай каражаттарга тыюу салуу демилгеси сунушталууда.

Андан тышкары, мыйзам долбоору аркылуу юридикалык мааниге ээ болгон айрым бир түшүнүктөр да ачып көрсөтүлүп жатканы белгилүү болду. Алсак, «балык уулоочу синтетикалык торлор», «электр менен кармоочу тутумдар» сындуу жаӊы түшүнүктөр сунушталууда.

Талкуу жүрүшүндө депутат Аалы Карашев өлкө аймагында көлдөрдөн тышкары балык багылган канча көлмө бар экенине кызыкты.

Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев Кыргызстанда балык багылган 560 көлмө бар экенин билдирди. “Суу сактагычтар менен суу топтоочу жайлар мамлекеттин жана жергиликтүү бийлик органдарынын карамагында болгондуктан, алар сынак негизинде ижарага берилип жатат. Азырынча 120 суу топтоочу жай ижарага берилген, жакында калган бөлүгүнө сынак жарыяланганы турат. Ижара шарттары келишимде камтылат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий