• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Жумабеков менен Венгрия Мамлекеттик Жыйынынын төрагасы Ласло Кёвер жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркиянын Измир шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын жыйындарынын алкагында Венгриянын Мамлекеттик Жыйынынын Төрагасы Ласло Кёвер менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда мамлекеттер ортосундагы алакалардын учурдагы абалы жана парламенттер аралык кызматташтык маселелери талкууланды.

Түпкү тарыхы бир жана туугандык байланышы тереӊ эки элдин мындан аркы кызматташтыгын ар тараптуу өнүктүрүү керек экендигин айткан Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков: "Венгрия өлкөсү Кыргызстан үчүн парламенттик демократияны бекемдөөдө, социалдык-экономикалык кайра курууларда жана жарандык коомду өнүктүрүүдө ишенимдүү өнөктөштөрдүн бири. Айрыкча, парламенттер аралык кызматташтык эки өлкө ортосундагы ар тараптуу алакаларды арттырууга өбөлгө болот деген ишеничтемин. Анткени, күчтүү жана туруктуу парламентти калыптандыруу максатында Жогорку Кеӊештин 2021-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясы кабыл алынып, аны ишке ашыруу жаатында эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз иш жүргүзүлүүдө", - деди. Муну менен катар Төрага 3-6-октябрь күндөрү ЕККУ ПАнын Бишкек шаарында өткөн күзгү отурумуна Венгрия парламентинин жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан тышкары, Дастанбек Жумабеков саясий тыгыз алакалар эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгына да жакшы таасир берип жатканын белгилеп: "Кыргызстан Венгрия менен болгон соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар. 2019-жылдын апрель айында өтөөрү мерчемделген соода кызматташтыгы боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын алгачкы отуруму ишенимдүү өнөктөштүктү калыптандырууга зор салым кошоруна ишенем", - деди. Муну менен катар Төрага гидроэнергетика жана айыл-чарба тармактарындагы алакаларды кеӊейтүү менен Евробиримдиктин Кыргыз Республикасына берген ВСП+ макамынынан пайдалануу зарылчыгына токтолду.

Ошондой эле жолугушууда маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу маселеси да көтөрүлүп, Төрага Дастанбек Жумабеков эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн чечими менен кыргызстандык студенттер үчүн Венгриядагы окуу жайлардан бөлүнгөн квотанын санын 25тен 75ке чейин көтөрүү макулдашылганын эске салды жана кыргыз тарап да Венгер студенттери менен изилдөөчүлөрүн кабыл алууга даяр экендигин билдирди.

"Айрыкча, Ош мамлекеттик университетинин алдында Венгер таануу, Хунгарология борборунун ачылышын кубануу менен колдойбуз", - деди.

Мындан сырткары, жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков Венгриянын Мамлекеттик Жыйынынын Төрагасы Ласло Кёверду Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Венгриянын Мамлекеттик Жыйынынын Төрагасы Ласло Кёвер кыргыз-венгер алакалары жылдан-жылга артып жатканын белгилеп, бир катар жогорку деӊгээлдеги жолугушуулар байма-бай өткөрүлүп жатканын мисал кылды. Ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты да өнүктүрүү боюнча жолугушууда айтылган бардык пикирди колдой тургандыгын билдирген Ласло Кёвер: "Венгрия Мамлекеттик Жыйынында Кыргызстан менен кызматташтык боюнча достук тобу түзүлгөн. Ага ылайык, аталган депутаттык достук топтору аркылуу, эл өкүлдөрүнүн тыгыз иш алып баруусун камсыздообуз кажет. Мындан тышкары, Венгрия парламентинин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн жакшыртуу багытында бир катар долбоорлор ишке ашырылып келет. Андыктан бул жаатта да тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүктөр көп", - деди. Муну менен катар, Ласло Кёвер Кыргызстанга чакыргандыгы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, чакырууну кубануу менен кабыл алгандыгын кошумчалады.

Андан сырткары, жолугушууда коопсуздук чөйрөсү, анын ичинен терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуу маселелери да талкууланды. Белгилей кетсек, Венгрия мамлекети ТүркПАнын жыйындарына байкоочу катары катышууда.

Эске салсак, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеӊештин делегациясы ТүркПАнын жыйындарына катышуу үчүн Түркия Республикасынын Измир шаарында иш сапар менен жүрөт. Делегация курамында Жогорку Кеӊештин депутаттары Салайдин Айдаров, Калдарбек Баймуратов, Абылкайыр Узакбаев, Садык Шер-Нияз жана Искендер Матраимов бар.

Пикир

Оставить комментарий