• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улукбек Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек,03.02.21. /Кабар/. Премьер-министр Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы Жогорку Кеңеште ант беришти. Ант берүү аземине президент Садыр Жапаров катышты.

Премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү элге ак-ниет кызмат кылууга ант беришти.

Өз элинин, президенттин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарынын алдында төмөндөгү өкмөт мүчөлөрү ант беришти:

- Марипов Улукбек Асамидинович - Кыргыз Республикасынын премьер-министри;

- Новиков Артём Эдуардович- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;

- Кармышаков Улукбек Тойчуевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри - вице-премьер-министри;

- Асанкулов Жеңиш Асанкулович - өкмөттүн аппаратынын жетекчиси - министри;

- Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович (президент менен макулдашуу боюнча) - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

- Казакбаев Руслан Айтбаевич - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

- Чынбаева Асель Рыспековна - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

- Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри;

- Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

- Иманалиев Кайрат Олжобаевич - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

- Ажикеев Бообек Эргешович - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;

- Ниязбеков Улан Омоканович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

- Абдралиева Гулмира Курманбековна - Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;

- Турдубаев Кубанычбек Апышевич - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;

- Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;

- Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич (президент менен макулдашуу боюнча) - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Пикир

Оставить комментарий