• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңештин төрагасы Казакстан Мажилисинин төрагасы менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Вена шаарында (Австрия) өтүп жаткан парламент спикерлеринин Бүткүл дүйнөлүк V конференциясынын алкагында Казакстан Республикасынын парламентинин Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту. Бул тууралуу паралменттин басма сөз кызматы билдирет.

Алгач төрага Талант Мамытов Нурлан Нигматулинге жана Казакстан калкына Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскердик бөлүктөгү көп адамдардын өлүмүнө алып келген жарылууга байланышуу көңүл айтты.

Тарыхы тамырлаш эки элдин байланышы тууралуу сөз кылган Төрага Талант Мамытов орток маданиятты жана руханий мурастарды сактоо зарылчылыгына токтолду. Муну менен катар Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, көз карандысыздыкты калыптандырууда жана өнүктүрүүдө Биринчи президент-Эл башы Нурсултан Назарбаевдин тарыхый ролун баса белгиледи.

Андан тышкары, Төрага COVID-19 өңдүү заманбап чакырыктардын шартында эки тараптуу алакаларды арттыруу, пандемия менен натыйжалуу күрөшүү үчүн саламаттыкты сактоо жаатында өз ара байланышты өнүктүү маселелерин кеп кылды. Баарлашууда айрыкча Афганистандагы абал да кеңири талкууланып, эки өлкөнүн коопсуздугуна тиешелүү мыйзамдарды шайкеш келтирүү зарылчылыгы айтылды.

Ошондой эле Талант Мамытов Казакстандын жарандары үчүн мамлекеттик чек арадан өтүүдө коюлган чектөөнүн бардыгы алынганын маалымдады. Ушундай эле шартта Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын чек арасынан тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо өтүнүчү менен Нурлан Нигматулинге кайрылды.

Мындан сырткары, тараптар парламенттер аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтык тууралуу да сөз кылып, анын ичинен ушул жылдын 27-28-сентябрь күндөрү Түркстан шаарында өтө турган ТүркПА Кеңешинин отурумунун күн тартибин талкуулашты.

Жолугушуу соңунда төрага Талант Мамытов Нурлан Нигматулинди Парламенттер аралык кеңештин II отурумун өткөрүү үчүн Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий