• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖМК өкүлдөрүнө алдыдагы ЖК депутаттарын шайлоодогу өзгөчөлүктөр тууралуу маалымат берилди

Шайлоо 2023 0


Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен онлайн-жолугушуу өткөрүп, мында алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу өзгөчөлүктөр тууралуу сүйлөштү.

Талкууга КР БШКнын шайлоо процесстери боюнча медиа-эксперти Авланбек Жумабаев катышты, ал аялдарга, жаштарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга квота кантип бөлүштүрүлөөрү тууралуу айтып берди.

Аталган иш-чара бир мандаттуу округдарды түзүү жана депутаттарды мажоритардык система, перференциалдык пропорционалдык система (партиялык тизме) боюнча көрсөтүү, анын ичинде аялдар жана жаштар үчүн квоталар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга багытталды.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо тууралуу” конституциялык Мыйзамга ылайык, 54 депутат учурдагы пропорционалдык система боюнча шайланат.

Мыйзам пропорционалдык система боюнча шайлоодо саясий партия 54 талапкерден ашпаган өлчөмдө талапкерлердин тизмесин көрсөтөт (60-берене). Тизмелерди түзүүдө аялдар, этникалык азчылыктар, жаштар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн төмөнкү квоталар сакталат (60-берене):

• бир жыныстагы талапкерлердин саны 70 пайыздан ашпоого тийиш, бул учурда саясий партиялар көрсөткөн аялдар менен эркектердин тизмесиндеги кезектүүлүк айырмасы үч позициядан ашпоого тийиш;

• 35 жашка чейинки талапкерлердин 15 пайыздан кем эмеси, алардын ичинен, кеминде 3 талапкер биринчи 25 талапкердин катарына кириши керек;

• талапкерлердин 15 пайызы ар кыл этникалык түзүштөгүлөр, алардын ичинен кеминде 3 талапкер биринчи 25 талапкердин катарына кириши керек;

• кеминде 2 талапкер - мүмкүнчүлүгү чектелгендер, алардын бири биринчи 25 талапкердин катарына кириши керек.

"Жалпысынан, мыйзам чыгаруу демилгелери аялдардын жана жаштардын коомдун саясий жашоосуна активдүү катышуусуна, андан ары көп партиялуу системанын калыптанышына өбөлгө түзөт", - деп түшүндүрдү Жумабаев. «Резервдөөнүн эл аралык тажрыйбасынын алкагында, мандаттардын 30% дан кем эмес бөлүгүн ээлөө аялдарга өлкөнүн коомдук-саясий процесстерине активдүү катышуусуна мүмкүнчүлүк берет. Башка аял талапкерлерге салыштырмалуу эң көп добушка ээ болгон аял-талапкерлер шайланды деп эсептелет. Ошону менен бирге эле, биз жаштардын парламентке келүүсүнө шарт түзүшүбүз керек. Аталган бөлүктөгү мыйзамдык түзөтүүлөр коомдук-социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмдүү жаштарды саясатка активдүү тартууга мүмкүндүк берет”, - деп жыйынтыктады Авланбек Жумабаев.

Пикир

Оставить комментарий