• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

БШК: Саат 16:00гө карата шайлоочулардын 10% добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.09.23. /Кабар/. № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча саат 16:00гө карата добуш берүүгө келген адамдардын саны 12 миң 774 миң, башкача айтканда, шайлоочулардын жалпы санынан 10,04%ды түздү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоочулардын жалпы саны 127 миң 239 адамды түзөт.

Шайлоо участоктордун дарегин төмөнкүдөй билүүгө болот:

- 1255 же 119 телефондору аркылуу;

- 119 номерине PIN - паспорттогу жеке идентификациялык номерди көрсөтүү менен SMS жөнөтүү менен (акысыз);

- https://tizme.gov.kg/ сайтынан

БШК жарандары шайлоого активдүү катышууга жана Ленин районунан өлкөнүн парламентине татыктуу депутатты шайлоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий