• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан ЖК депутатын шайлоо аяктады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.09.23./Кабар/. Бишкекте №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо аяктады.

Саат 20:00дө бардык шайлоо участкалары ишин токтотту.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, саат 18:00гө карата добуш берүүгө келген адамдардын саны 15 миң 947, башкача айтканда, шайлоочулардын жалпы санынан 12,53%ды түздү.

Аталган округдагы шайлоочулардын жалпы саны 127 миң 239 адамды түзөт.

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоодо добуш берүү үчүн 51 шайлоо участкасы ачылган.

Аталган округдан кайра шайлоого 24 талапкер ат салышты, алардын ичинен 19 эркек, 5 аял.

Белгилей кетсек, аталган аймактын мурдагы депутаты Жаныбек Абиров Бишкекте катталган мушташка байланыштуу мандатын тапшырган. Ага байланыштуу Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ЖКнын депутатын мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо дайындалып, бирок анын жыйынтыгы жараксыз деп табылган.

Пикир

Оставить комментарий