• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖКга кайра шайлоо. Саат 12:00гө карата эки район боюнча шайлоочулардын 7%ы добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.02.22. /Кабар/. Саат 12:00гө карата Бишкек шаарындагы бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча добуш берүүгө шайлоочулардын 7%ы же 15 миң 462 шайлоочу катышты. Бул тууралуу брифингде КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, эки район шайлоочулардын активдүүлүгү төмөнкүдөй болду:

- Биринчи Май - 4,8% же 5 миң 423 шайлоочу;

- Свердлов - 9,5% же 10 миң 39 шайлоочу.

Мындан тышкары, БШК мүчөсү шаардыктарды активдүү болууга чакырды. “Сөзүмдүн аягында бул округдардын тургундарын шайлоого келип, жарандык милдетин аткарууга чакырат элем», - деди ал.

Жалпысынан БШК №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайталап шайлоого катышууну каалаган 52 талапкерди каттаган.

Биринчи май шайлоо округу боюнча акыркы учурда эки талапкер шайлоого катышуудан баш тартты, бирок шайлоо бюллетенине талапкерлердин маалыматтары киргизилген.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов округдарында “баарына каршы” графасы көпчүлүк добушка ээ болуп, кайра шайлоо 27-февралга дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий