• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ленин районунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо: Алдын ала жыйынтык

Шайлоо 2023 0


Бишкек, 10.09.23./Кабар/. Бишкекте №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо аяктады.

Добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу ачылган.

Аталган округда шайлоочулардын жалпы саны 127 миң 239 адамды түзсө, анын ичинен шайлоого 20 миң 169 адам катышкан (15,85%). Шайлоодо жалпы 24 талапкер депутаттыкка ат салышты.

Автоматташтырылган башкаруу системасынын (АСУ) маалыматтары алдын ала болуп эсептелет. Бардык шайлоо участкаларында добуштарды кол менен эсептөө уланууда. Мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде чыгарылат.

АСУнун жыйынтыгы боюнча эң көп добуш алган талапкерлер:
• Кубанычбек Самаков — 5 273 (26,14%);
• Русланбек Тагаев — 3 831 (18,99%);
• Аскар Алмаз уулу — 2 630 (13,04%).

Пикир

Оставить комментарий