• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Элчилик: Түркиядагы кыргызстандыктар добуш берүүдө

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум өткөрүүнүн алкагында бүгүн, 2021-жылдын 10-январында жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигинин алдындагы №9036 шайлоо участогунда добуш берүү башталды. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Түркияда дем алыш күндөрү көчөгө чыгуу боюнча чектөөлөр болгон шарттарында жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында, Түркия Республикасынын тиешелүү мекемелери менен КРнын жарандарынын 2021-жылдын 10-январында КРнын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумга катышуу үчүн алардын сыртка чыгуу мүмкүнчүлүгү макулдашылган.

Шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин ачык болот. Шайлоочулардын тизмесине буга чейин кирген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары участокто добуш бере алышат.

Пикир

Оставить комментарий