• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шаардык кеңешке добуш берүү 36,82%ды, айылдык кеңешке добуш берүү 40,09%ды түздү – БШК

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. КРнын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 11-апрелде өткөн жергиликтүү жана шаардык кеңештерге депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарганын маалымдайт.

448 жергиликтүү кеңештерге, анын ичинде – 28 шаардык кеңештерге, 420 айылдык кеңештерге шайлоо өттү.

8 миң 356 депутатты тандоо: шаардык кеңештерге – 796 депутаттык мандат, айылдык кеңешке – 7 миң 560 депутаттык мандат каралган.

28 шаарда 56 саясий партия 237 талапкерлердин (жалпы 11 миң 782 талапкер) тизмесин каттаган. Анын ичинен 7 миң 330 эркек талапкер, 4 миң 482 аял талапкер.

420 айылдык кеңешке 18 миң 772 талпкер катталган, анын ичинен: эркектер – 13 миң 472 талапкер, аялдар – 5 миң 300 талапкер. Мыйзамга ылайык, айылдык кеңештерге шайлоо өткөрүү үчүн ар бир айылдык кеңешке аялдар үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын кеминде 30%ы сакталган. Аялдар үчүн сакталып калган мандаттардын саны – 2 миң 858 мандатты түзөт.

99% шайлоо тилкелеринен келип түшкөн маалыматтын негизинде добуш берүүгө 1 млн 295 миң 943 шайлоочу, же шайлоочулардын 39,06%ы катышкан.

Шайлоочулардын тизмесине 3 млн 318 миң 130 шайлоо катталган.

Шаардык кенештерге добуш бергендердин саны 386 миң 365 шайлоочу, же 36,82%ы катышкан.

Айылдык кеңештерге добуш берүүгө катышкандар 909 миң 578 шайлоочуну, же 40,09%ды түзгөн.

Бул маалымат 2021-жылы 12-апрелде (саат 12:00) 99% шайлоо тилкелеринен келген автоматтык түрдө эсептөөчү урналардан алынган маалымат боюнча алдын ала жыйынтык.

Пикир

Оставить комментарий