• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов акталды. Иш жабылды

Коом 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев жана ӨКМдин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралды.

Райондук соттон билдиришкендей, Текебаев жана Чотонов 1-октябрь 1997-жылдагы Жазык кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыш иши жок болгондуктан акталды.

Аларга карата тандалган үй камагындагы бөгөт чарасы өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жокко чыгарылат.

Ошондой эле 2017-жылдын 15-мартындагы УКМКнын тергөө кызматы тарабынан Текебаев жана Чотоновдун наамындагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүнө коюлган камак өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин алынып салынат.

Пикир

Оставить комментарий