• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргызстанда 10 күндө КМШ өлкөлөрүндө издөөдө жүргөн 57 адам кармалды

Коом 0

Бишкек, 13.06.23. /Кабар/. 2023-жылдын 2-июнунан тартып Кыргызстандын аймагында КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн адамдардын жүзүн аныктоо боюнча тутум ишке кирип, видеокамералар орнотулууда. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, он күндүн ичинде КР ички иштер органдары КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 57 адамды аныктап, жеткиришти. Алардын баары сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен аныкталган.

Бул багытта КР ИИМдин борбордук аппаратынын бир катар бөлүмдөрү – Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы, Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борбору, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы, ошондой эле башка кызматтары жана бөлүмдөрү биргелешип иш алып барууда. Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кылмышкерлердин маалыматтары жүзүн таануу тутумуна жүктөлдү. Россиянын укук коргоо органдары мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 85 миңден ашык адам тууралуу маалымат берген.

Ички иштер органдарына жеткирилген жарандар маалымат базалары менен текшерилип, каттоого алынган. Чет мамлекеттердин, анын ичинде Россиянын жана Өзбекстандын жараны болгон 4 адам кармалды. Алардын арасында адам өлтүрүүгө аракет кылуу, экстремисттик кылмыштар (УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген), бейбаштык, документтерди жасалмалоо боюнча издөөдө жүргөндөр бар.

Жеткирилгендердин басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары, учурда тактоо иштери жүрүп жатат. Алар КМШ өлкөлөрүндө ар кандай кылмыштарды жасаган, анын ичинде уурулук, алдамчылык, документтерди жасалмалоо, тоноо, опузалоо, адам уурдоо, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы, денеге атайылап оор залал келтирүү фактылары боюнча айыпталып, мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Алардын айрымдары мындан 8-9 жыл мурда издөөгө алынган.

Пикир

Оставить комментарий