• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК: 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 640 миң адам салык декларациясын тапшырды

Экономика 0

Бишкек, 13.06.23. /Кабар/. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын 640 миң 990 салык төлөөчү тапшырды, анын ичинен 583 миң 770 декларация электрондук түрдө.

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, бул өткөн жылга салыштырмалуу 131 миң 322 декларацияга көп.

Декларацияны 52 миң 978 уюм, 197 миң 609 жеке ишкер, 325 миң 740 жеке жак, 64 миң 663 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тапшырды.

Эскерте кетсек, декларациялык кампания үстүбүздөгү жылдын башынан тартып 1-апрелге чейин – юридикалык жактар жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн жана 1-майга чейин – жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий