• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 18,7 млрд сом каралат

Экономика 0

Бишкек, 22.04.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 2023-жылга республикалык бюджеттен 18,7 млрд сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- 2,3 млрд – учурдагы бюджеттик каражаттар;

- 1 млрд – "капиталдык салымдар" беренеси боюнча каралган каражаттар;

- 12,2 млрд сом – "мамлекеттик инвестициялар" линиясы боюнча каралган каражаттар;

- 3,2 млрд сом – Жол фондунун болжолдонгон кирешеси.

2023 жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 2,4 миллиард сом каржыланган.

Алар:

- учурдагы бюджеттик каражаттар 1,4 млрд сом;

- "капиталдык салымдар" беренеси боюнча 216,1 млн сом;

- "мамлекеттик инвестициялар" линиясы боюнча 727,3 млн сом (алдын ала өздөштүрүлгөн).

Белгилей кетсек, ашуулардагы аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу бийик тоолуу райондордогу жолдорду тазалоо жана автотранспорттордун үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу максатыныда каржылоо уюштурулуп, тез арада 50 млн сом суммасында каржылоо ачылды.

Пикир

Оставить комментарий