• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Жашыл мурас". Аксыда 3 га жерге 2 миң түп ак кайыңдын көчөтү отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 22.04.23. /Кабар/. Аксы районунда 2 миң түп ак кайың жана 30 түптөн ашуун карагай көчөттөрү отургузуду. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчөттөр Аркыт токой чарбасына караштуу Кара-Камыш жайлоосунан атайын ажыратылган 3 га жерге отургузулду.

Иш-чарага райондун акими Замирбек Сыдыков, райондук мекеме-ишканаларынын жетекчилери жана Аркыт токой чарбасынын эмгек жамааты катышты.

Саамалык КР президенти баштаган "жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий