• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Кыргызстан–Венгрия” бизнес-форумунун алкагында бир катар документтерге кол коюлду

Экономика 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Будапешт шаарында өткөн “Кыргызстан–Венгрия” бизнес-форумунун алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы суммасы 50 млн долларды түзгөн эки тараптуу документтерге кол коюлган. Келишимдер эки тараптуу сооданы көбөйтүүгө жана биргелешкен өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Белгилей кетсек, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик аркылуу эт азыктарын жана кант заводуна жабдууларды жеткирүү боюнча келишимдерге, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында кызматташуу максатында меморандумдарга кол коюлган.

Мындан тышкары, Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фонду аркылуу ата мекендик жана венгриялык компаниялар кредиттик келишимдерге жана айыл чарба тармагындагы долбоорлорду каржылоо, продукцияны жана товарларды өз ара жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюшту.

Белгилей кетсек, бизнес-форум президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында уюштурулган.

Бизнес-форумдун алкагында Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фондунун, КР Соода-өнөр жай палатасынын, Венгриянын экспортту илгерилетүү агенттигинин жетекчилери өздөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти.

Форумга агроөнөр жай, жеңил өнөр жай, туризм, курулуш, фармацевтика жана башка тармактардан эки өлкөнүн 150дөн ашык ишкери катышты.

Пикир

Оставить комментарий