• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытай Кыргызстанга 600 млн. юань бөлөт – каражат эмнеге жумшалат?

Экономика 0

Пекин, 07.06.18. /Кабар/. Кытай Кыргызстанга гранттык негизде 600 млн. юань бөлөт. КР экономика министри Олег Панкратов кажарат кайсыл жакка багыттала тургандыгын айтып берди.

“Күн мурун мамлекеттик сапардын алкагында келишим түзүлдү, анда гранттык негизди 600 млн. юань өлчөмүндө жардам көрсөтүү боюнча сөз жүрдү. Бул каражат Кыргызстандагы жолдорду курууну улантууга жана Кытайга экспорт жасоо үчүн атамекендик азыктарды сертификациялоо үчүн лабораториянын курулушуна жумшалат”,-деп билдирди министр.

Ошондой эле каражаттын бир бөлүгү эки элдин тарыхый мурастарын сактап калуу максатында жүргүзүлө турган архелогиялык калдыктарды казуу иш-чарасына жумшалат.

“Андан тышкары визиттин алкагында темир жол жана Кыргызстанда электромобилдерди чыгаруу боюнча биргелешкен заводду ачуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз болду. Эгерде аталган келишимдерди ишке ашыра алсак, анда биз илимий-экономикалык прогрессте алдыңкы орундарда болобуз жана келишимдер тажрыйба жүзүндө ишке ашат деп ишенебиз”,-деп билдирди Панкратов.

Пикир

Оставить комментарий