• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто жаңы тротуарлар курулууда

Аймак 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Кечээ, 6-июнда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы жолдордун, тротуарлардын абалын жана курулушун текшерди,-деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Анын негизинде, шаардагы Исанов, Шакиров, Масалиев жана бир нече негизги, ички жолдордун абалы менен таанышты.

Ошондой эле, А.Кадырбаев Ош МСУнан Озгур айылына чейинки жолдун эки жагындагы тротуарды брусчаткалоо жана суу кетүүчү латокторду орнотуу жумуштарынын жүрүшү менен таанышты.

Шаар жетекчиси курулуштагы айрым кемчиликтерге маани берип, бардык талаптарга ылайык сапаттуу бүткөрүүнү куруучуларга жана тийиштүү мекемелердин жетекчилерине тапшырды.

“Быйылкы жылы 10,5 миң м2 жаңы тротуарлар курулуп пайдаланууга берилет. Ошондой эле 24 миң м2 ка жакын жолдорду жамоо-түзөө иштери жүргүзүлүп, 8 км жол толук капиталдык оңдоодон өтөт”,-деди А.Кадырбаев.

Айта кетсек, Озгур айылына чейинки тротуарды брусчаткалоо жана суу кетүүчү латокторду орнотуу жумуштары 2017 жылдын октябрь айында башталган.

Бүгүнкү күнгө 8740м2 брусчатка басылуу керек болсо, анын 8000м2 брусчаткасы басылды.

Андан сырткары жалпы узундугу 3516 метр жолдун жээгиндеги арыктарга, 1172 даана 3 метрлик латоктор орнотулууда.

"Басылып жаткан брусчаткалардын сапатын аныктоо боюнча шайкештик сертификаттары алынып, толугу менен экспертизадан өткөрүлгөн. Аталган брусчаткалар РФ да чыгарылган станоктордо сапаттуу басылып чыгарылууда”,-деди курулушту ишке ашырып жаткан “Жакып-Ата” ЖЧКсынын өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий